Транспорт министри түндүктө битум заводун куруу маселесин көтөрдү
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев "Гележек Холдинг" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, жол тармагындагы кызматташуу жана битум өндүрүшүн өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушууга министрдин орун басарлары жана "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институтунун мамлекеттик ишканасынын жетекчилери катышты. Тараптар жол инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле тармактагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.
Министр холдинг тарабынан сунушталган демилгелерге токтолуп, жол курулушунда негизги материалдардын бири болгон битумду өлкө ичинде өндүрүүнү кеңейтүү маанилүү экенин белгиледи. Ал түндүк аймакта битум заводун куруу мүмкүнчүлүгүн тиешелүү түзүмдөр менен биргеликте изилдеп чыгуу зарылдыгын айтып, жооптуу жетекчилерге тапшырма берди.
Жыйынтыгында тараптар жол курулуш материалдары менен туруктуу камсыз кылуу жана өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу боюнча ишти улантууга макулдашты.