Талантбек Солтобаев Таластагы жол курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Талас облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Сапардын алкагында министр Жол чарба департаментинин аймактык бөлүмү жана Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары менен биргеликте жүрүп жаткан курулуш иштеринин абалы менен таанышты.
Министр "Суусамыр–Талас–Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза" долбоорунун аткарылышын текшерип, подрядчы компанияга курулуш иштерин өз убагында баштоо жана сапатына өзгөчө көңүл буруу боюнча тапшырма берди.
Реконструкциялануучу жолдун жалпы узундугу 93 чакырымды түзөт. Ал Талас шаарынан башталып, "Кичи-Капка" көзөмөл өткөрүү пунктуна чейин созулат. Курулуш иштери 2025–2028-жылдары жүргүзүлүп, кепилдик мөөнөтү 5 жылды түзөт.
Мындан тышкары, министр Өтмөк ашуусун тейлеген №36 Жол тейлөө ишканасынын кышкы тазалоо иштерин көзөмөлдөп, коопсуздукту камсыз кылуу жана үзгүлтүксүз каттам уюштуруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Министр жооптуу кызматкерлерге иштерди мөөнөтүндө аткаруу, жолдун сапатын камсыз кылуу жана коопсуздук талаптарын так сактоо боюнча катуу көзөмөл жүргүзүүнү милдеттендирди.

