Төө-Ашууда кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө
Бүгүн Төө-Ашуу ашуусунун 132, 133 жана 136-чакырымдарында кар көчкүнү атайлап түшүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Иш-чаранын алкагында №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техникалар тартылып, кызматкерлер ыкчам аракет көрүүгө даярдыкта турушат.
Кар көчкүнү түшүрүү иштерине байланыштуу саат 09:00дөн тартып Бишкек–Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.
Өлкөнүн башка унаа жолдорунда каттам бар, жолдор ачык.
Учурда жол тейлөө кызматтары кар тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.