Транспорт тармагын модернизациялоо жана электромобилдүүлүк талкууланды
Күн мурун Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Б. Момбеков Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушууда электромобилдүүлүктү өнүктүрүү, кубаттоочу станциялардын инфраструктурасын түзүү, темир жол тармагын модернизациялоо жана жол тармагына санариптик чечимдерди киргизүү маселелери талкууланды. Ошондой эле электр транспортун өнүктүрүү үчүн ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү жолдору каралды.
Мындан тышкары, жолдордун абалын талдоо системаларын киргизүү, интеллектуалдык технологияларды жана маалыматтык аналитиканы колдонуу, инвестицияларды коопсуздук, климаттык туруктуулук жана техникалык абал критерийлеринин негизинде багыттоо маселелери талкууланды. Метеостанцияларды жана жолдорду мониторинг кылуучу мобилдик лабораторияларды пайдалануу боюнча да пикир алмашуу болду.
Азия өнүктүрүү банкы жол инфраструктурасын башкарууну жакшыртуу багытында эл аралык тажрыйба жана инструменттер менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.