Боливияда акча ташыган учак кулап, эл аларды талап кетүүгө аракет кылышты

Боливияда акча ташыган учак кулап, эл аларды талап кетүүгө аракет кылышты

Боливияда Борбордук банк үчүн акча ташып бара жаткан учактын кыйрашынан кеминде 20 адам каза болуп, дагы 20га жакыны жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Марсела Флорес билдиргенин Unitel телеканалы маалымдады.

Министрдин айтымында, жабыркагандардын көбү оор абалда. Бийлик жаракат алгандарга жардам берүү үчүн жарандарды кан тапшырууга чакырды.

Окуя жума күнү Эль-Альто шаарында болгон. Боливиянын аскер-аба күчтөрүнө таандык учак конууга аракет кылып жатканда эл көп жүргөн автоунаа жолуна кулап түшкөн. Алгач учак учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, автоунаалар менен кагышкан деп кабарланган. Бирок кийин Коргоо министрлиги учак конуу маалында кулаганын тактады.

Сегиз экипаж мүчөсүнүн алтоо аман калган, бирөө дайынсыз болуп эсептелүүдө.

Бийликтин маалыматы боюнча, учак өлкөнүн Борбордук банкы үчүн акча ташып бара жаткан. Кырсыктан кийин окуя болгон жерге жергиликтүү тургундар агылып келип, учактан чачылган акчаларды чогултууга аракет кылышкан. Бул куткаруучулар менен дарыгерлердин ишине тоскоолдук жараткан.

Топту таркатуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Акчаны уурдоого шектелип кеминде 12 адам кармалган.

Боливиянын Борбордук банкы жарандарды уурдалган банкнотторду кайтарып берүүгө чакырып, алар мыйзамдуу төлөм каражаты эмес экенин, анткени жүгүртүүгө чыгарыла электигин билдирди.
Окуянын фонунда полиция адамдар акчаны алып кетүүгө аракет кылып жаткан шартта банкнотторду кырсык болгон жерде жок кыла баштаган. "Бул банкноттор мыйзамдуу төлөм каражаты эмес, алар жүгүртүүдө жок. Ошондуктан биз аларды жок кылууга кириштик", — деди Борбордук банктын башчысы Давид Эспиноса.

Мындан тышкары окуңуз

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал

"Бугу-Эне-Багыш" жаңы конушуна 53 млн сом бөлүнөт

"Бугу-Эне-Багыш" жаңы конушуна 53 млн сом бөлүнөт

"Бугу-Эне-Багыш" турак жай массивин электр менен камсыздоого 53 млн сом бөлүнөт. Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы "Бугу-Эне-Багыш" турак жай массивинде жайгашкан жеке турак үйлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 53 млн 451 миң сом бөлүү пландалууда.

Дубай аэропорту  ишин убактылуу ишин токтотту

Дубай аэропорту ишин убактылуу ишин токтотту

Дубай жана Ал-Мактумдагы эл аралык аэропорттор өз иштерин убактылуу токтотконун дубайлык аба майдандардын сайты  билдирди. Эки жай тең жүргүнчүлөргө аэропортторго барбай турууну жана кошумча маалыматты авиакомпаниялардан алып турууну эскертишти. Дүйнөдөгү эң көп жүргүнчү тейлеген Дубайдын эл аралык аэропортунан Бишкекке да рейстер аткарылат. "Манас" эл аралык аэропортунун сайтындагы маалыматка