Кыргызстан жыл сайын 15 миңге чейин электромобиль алып кирүүнү көздөйт
Кыргызстан жыл сайын 15 миңге чейин электромобилди бажы төлөмүсүз импорттоону пландап жатат. Бишкек шаарында "Улуттук электромобилдүүлүк стратегиясына карай" аттуу семинар өтүп, анда электромобилдер рыногун өнүктүрүү жана кубаттоо инфраструктурасын кеңейтүү маселелери талкууланганын Климаттык каржылоо борбору билдирди.
Учурда:
- Өлкө боюнча 230дөн ашык кубаттоо станциясы иштеп жатат.
- Алардын ичинен 60ка жакыны Бишкекте жайгашкан.
- 2022-жылы өлкөдө болжол менен 5 миң электромобиль катталган.
ЕАЭБ эрежелерине ылайык, 2023-жылы электромобилдерди бажы төлөмүсүз алып кирүүгө квоталар бекитилген. 2023–2025-жылдары жылдык квота 10 миң даанага чейин жеткен.
2026-жылдан тарта Кыргызстан жыл сайын 15 миңге чейин электромобиль импорттоону көздөп, тиешелүү квотаны көбөйтүүнү пландап жатат.
Семинардын жыйынтыгында эксперттер төмөнкү сунуштарды иштеп чыгышты:
- Электромобилдүүлүк боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ жана катчылык түзүү;
- Уруксат берүү процедуралары үчүн "бирдиктүү терезе" механизмин киргизүү;
- Кубаттоо боюнча бирдиктүү стандарттарды бекитүү;
- Инфраструктураны мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу өнүктүрүү.
Электромобилдүүлүктү өнүктүрүү зыяндуу бөлүп чыгарууну азайтуу, шаардык чөйрөнү жакшыртуу жана жашыл экономиканы бекемдөө стратегиясынын бир бөлүгү катары каралууда.