KOICA Кыргызстанга он даана Hyundai электромобилин тапшырды

KOICA Кыргызстанга он даана Hyundai электромобилин тапшырды

Корея Республикасы Кыргызстандагы мамлекеттик органдарга Hyundai IONIQ 5 үлгүсүндөгү он даана электромобиль тапшырганын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, автоунааларды жеткирүү Корея тарабынан каржыланып, Кыргызстанда экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү жана мамлекеттик автопарктарды электромобилдерге өткөрүү долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

Долбоор Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте жүзөгө ашырылууда.

Кызматташтыктын алкагында төмөнкүлөр каралган:

  • "Кыргыз почтасы" ААКнын автопаркын жаңыртуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана экологиялык чечимдерге өтүү;
  • өлкөдөгү мамлекеттик органдарда электромобилдердин иштешин камсыз кылуу үчүн атайын кубаттоо (заряддоо) инфраструктурасын түзүү.

Мындан тышкары окуңуз

Нарын районунда "Кур-Терек" көмөк чордону курулуп жатат

Нарын районунда "Кур-Терек" көмөк чордону курулуп жатат

Нарын районунда 110/35/10 кВ "Кур-Терек" көмөк чордонунун курулушу башталганын Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кур-Терек аймагында жайгашкан "Нарын — Кашкар" индустриалдык паркында "Эки өлкө — эки парк" долбоору ишке ашырылууда. Анын алкагында учурда төрт өнөр жай ишканасынын курулушу жүрүп жатат. Аталган объекттердин туруктуу иштешин

ЖК депутаттарынын документ жүгүртүүсү электрондук форматка өттү

ЖК депутаттарынын документ жүгүртүүсү электрондук форматка өттү

Парламент депутаттарынын документ жүгүртүүсү электрондук форматка өткөрүлгөнүн бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Марлен Маматалиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин спикердин жана депутаттардын ишин камсыз кылуу үчүн абдан көп кагаз талап кылынчу. Ал жыйында кагаздардын топтомдорун көрсөтүп, аппарат кызматкерлерин бул документтерди алып кетүүгө чакырды. "Ишибизди санариптештирүүнүн алкагында документ жүгүртүүнү электрондук

Д.Трамп АКШ Испания менен соода алакасын толугу менен токтотушу мүмкүн экенин билдирди

Д.Трамп АКШ Испания менен соода алакасын толугу менен токтотушу мүмкүн экенин билдирди

Дональд Трамп Мадрид Иранга сокку уруу үчүн өз базаларын колдонууга уруксат бербегени жана аскердик чыгымдарды ИДПнын 5%ына чейин көтөрүүгө макул болбогону үчүн Вашингтондун Испания менен соода мамилелерин толугу менен токтотуу ниети бар экенин билдирди. Трамп ошондой эле АКШ кааласа Испаниянын базаларын Мадриддин макулдугусуз эле колдоно аларын Ак үйдөгү Германиянын

Кытайдын Ухань шаарында 5 эм бала төрөлдү

Кытайдын Ухань шаарында 5 эм бала төрөлдү

Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында 24 жаштагы синьцзяндык жаш эне беш ымыркайды жарык дүйнөгө алып келгенин Казинформ кабарлады. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, балдардын абалы салыштырмалуу туруктуу. Беш эмдин бири - 990 грамм салмактагы эркек бала. Калган төртөө кыздар болуп, алардын салмагы 870, 970, 1020 жана 1030 граммды түзгөн. Ымыркайлардын Апгар шкаласы