"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди
Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу унаалардын кезеги 25 чакырымга чейин жетип, жол инфраструктурасына жана Чатыр-Көл аймагынын экологиясына терс таасирин тийгизип келген. Эми унаалар "Кара-Булак" күтүү аймагында токтоп, электрондук тизмеге ылайык этап-этабы менен чек арага жөнөтүлөт. Бул система жүк ташуучуларга өткөрүү тартибин алдын ала пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кылбек Мукашов инспекциялык-тыкыр кароо комплексинин курулушу жана административдик имараттарды реконструкциялоо иштерин да көрүп чыкты. Ошондой эле айдоочулар жана бизнес өкүлдөрү үчүн заманбап күтүү залы ачылды.
Белгилей кетсек, долбоор Министрлер Кабинетинин токтомуна жана Бажы кызматынын 2026-2030-жылдарга карата өнүгүү концепциясына ылайык ишке ашырылууда.


