Кытай менен Түндүк Корея ортосунда жүргүнчү поезд каттай баштайт

Кытай менен Түндүк Корея ортосунда жүргүнчү поезд каттай баштайт

Кытай менен Түндүк Корея ортосунда жүргүнчүлөр үчүн поезд каттамы алты жылдан кийин биринчи жолу кайра жанданганын South China Morning Post (SCMP) басылмасы жазды.

Алгачкы поезд Бээжин шаарынан Пхеньян шаарына 12-мартта жөнөйт. Маалыматка ылайык, Бээжинден поезддер жумасына төрт жолу каттайт:

  • дүйшөмбү,
  • шаршемби,
  • бейшемби,
  • ишемби күндөрү.

Ал эми кайра кайтуу каттамдарынын жүгүртмөсү азырынча жарыялана элек.

Билет сатып алуу үчүн жүргүнчүлөр жарактуу түндүк кореялык виза жана паспорттун көчүрмөсүн көрсөтүшү керек экенин China International Travel Services компаниясынын кызматкери билдирген.

Пандемияга чейин Түндүк Кореяга барган чет элдик туристтердин басымдуу бөлүгүн кытайлыктар түзчү. Ошондуктан көпчүлүк адистер поезд каттамынын кайра ачылышы эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын жандандырууга жардам берет деп эсептешет.

Буга чейин ушундай эле темир жол каттамы Россия менен Түндүк Корея ортосунда да беш жылдык тыныгуудан кийин өткөн жылдын июнь айында кайра ишке киргизилген

Мындан тышкары окуңуз

Батирлерди үстөк пайызсыз берсек МИК банкрот болот – С.Жапаров

Батирлерди үстөк пайызсыз берсек МИК банкрот болот – С.Жапаров

Президент Садыр Жапаров 2020-жылга чейин Мамлекеттик ипотекалык компания жөн гана банкка айланып калганын Кеңештин жыйынында билдирди. Мамлекет башчысы мурда ипотекалык насыялар банктар аркылуу 14%дык үстөк менен берилип келгенин эске салды. “Мен кызматка келгенден кийин ипотекага үй алгандардын абалын сурасам, 16 миң сом айлык алып, ипотекага 24 миң сом төлөшөт

Президент: Ишкерлердин мүлкүн тартып алгандар кайра кайтарып беришет

Президент: Ишкерлердин мүлкүн тартып алгандар кайра кайтарып беришет

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева УКМК кызматкерлерине мүлктөрүн алдырып жибергенин айтып даттанган ишкерлер көбөйүп жатканын билдирди. Эл өкүлүнүн суроосуна жооп берип жатып, президент Садыр Жапаров ишкерлерге кылмыш ишин козгоо боюнча Башкы прокуратура, ИИМ жана УКМК жетекчилигине арыздар түшсө, аларды калыс жана адилеттүү текшерүү тапшырмасы берилгенин айтты. Мамлекет башчысы мүлктөрдү

Министрликке сунушталган 10 талапкердин 9у коррупционер деп табылган-С.Жапаров

Министрликке сунушталган 10 талапкердин 9у коррупционер деп табылган-С.Жапаров

ӨКМ башчылыгына сунушталган 10 талапкердин 9у коррупцияга байланыштуу деп табылганын Садыр Жапаров Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри кызматтан бошотулгандан кийин ал он талапкерди карап чыгууну сунуштаган. "Бирок алардын тогузу боюнча коррупциялык иштер бар экени аныкталды. Бизде мамлекеттик кызматта таза, татыктуу кадрлар калбай калганбы? Биз

Бишкек көчөлөрүнө 581 тонна техникалык туз себилди

Бишкек көчөлөрүнө 581 тонна техникалык туз себилди

"Тазалык" муниципалдык ишканасы шаардын аймагында кар тазалоо жана жолдорго туз себүү иштерин активдүү улантууда. Иштер 2026-жылдын 10-мартына караган түнү башталган. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Шаардын көчөлөрүн тазалоо иштерине бир катар атайын техникалар тартылды. Тактап айтканда, жолдордо 32 даана МАЗ кум-туз чачуучу унаа, 10 даана Shacman кум-туз чачуучу унаа,