АКШда бензин 23,5%га кымбаттады
АКШда Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери бензиндин орточо баасы 23,5%га өсткөнүн The New York Times басылмасы билдирди.
Басылманын маалыматына ылайык, ишемби күнү өлкө боюнча күйүүчү майдын орточо баасы галлону үчүн 3,68 долларга жетти. Баанын өсүшү дүйнөлүк рынокто мунайдын кескин кымбатташы менен байланыштуу.
Акыркы эки жуманын ичинде дүйнөлүк мунай баасы болжол менен 40%га жогорулап, бир баррели 103,14 долларга жетти. Аналитиктер муну Перс булуңу аймагынан энергия ресурстарынын жеткирүүлөрү боюнча кооптонуулар менен түшүндүрүшүүдө.
Негизги факторлордун бири — Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамына байланышкан тобокелдиктер. Бул кысык дүйнөлүк мунай соодасы үчүн эң маанилүү жолдордун бири болуп саналат.
Ал аркылуу дүйнөдөгү мунай жеткирүүлөрүнүн болжол менен бештен бир бөлүгү өтөт.
Адистер эскертүүсүндө, эгерде жаңжал мындан ары да күчөй турган болсо, күйүүчү майдын баасы өсө бериши мүмкүн. Анткени адатта мунайдын баасы кымбаттагандан кийин бензин бир аз убакыт өткөндөн кийин кымбаттайт.