Айдоочу "Нурайымы" үчүн 55 миң сом айып пул төлөмөй болду
Бишкек шаарында Lexus GX470 үлгүсүндөгү жолтандабас унаанын айдоочусу жасалма мамлекеттик номер колдонгону үчүн жоопкерчиликке тартылганын Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын(ЖКККБ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-март күнү саат 14:00 чамасында унаа патрулдук кызматкерлер тарабынан токтотулган. Унаага орнотулган номердин ордуна "Нурайым" деген жазуусу бар табличка коюлган.
Айдоочу инспекторлорго бул анын сүйлөшкөн кызынын аты экенин айтып, ошол себептен номердин ордуна коюп алганын түшүндүргөн. ЖКККБ мындай аракет мыйзам бузуу болуп саналарын эскертти.
Натыйжада унаа айып короосуна токтотулуп, айдоочуга карата административдик протокол түзүлгөн. Мындан тышкары, унаанын алдыңкы каптал айнектери уруксатсыз мыйзамсыз караңгылатылганы да аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында айдоочуга 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.