ӨКМ: 18-мартка чейин айрым жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 18-мартка чейин өлкөнүн тоолуу райондорунда жана негизги унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, туруксуз аба ырайына байланыштуу айрым ашууларда жана капчыгайларда этият болуу зарыл. Алардын катарына Бишкек — Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун Долон ашуусу, Каракол — Эңилчек жолунун Чоң-Ашуу ашуусу, ошондой эле Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад жолунун Көк-Арт ашуусу кирет.
ӨКМ аталган аймактарда кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп муз тоңушу мүмкүн экенин белгилейт. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн айдоочуларга унаалардын ортосунда кеминде 500 метр аралыкты сактоосунушталат.
Министрлик жарандарды жана айдоочуларды жолдо жүрүүдө сак болууга жана аба ырайынын шарттарын эске алууга чакырат.