Жалал-Абад электр тармактарына акыркы 3 жылда 66 техника алынган

Жалал-Абад электр тармактарына акыркы 3 жылда 66 техника алынган

Акыркы үч жыл ичинде Жалал-Абаддын энергетиктерине 66 даана жаңы техника алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын балансында жалпы 257 даана техникабар. Жаңы техникалар “КУЭТ” ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен сатып алынып, электр тармактарын тейлөө, авариялык кырдаалдарды ыкчам жоюу жана оңдоо иштерине колдонулууда.

Алынган техникалардын катарына жеңил жана жүк ташуучу автоунаалар, атайын техникалар, автокран жана экскаватор-жүктөгүчтөр кирет.

Буга чейин энергетиктер аймактардагы иштерди негизинен эскирген техникалар менен аткарып келишкен. Автопарктын жаңыланышы электр тармактарын тейлөө, авариялык кырдаалдарды жоюу жана оңдоо иштеринин ылдамдыгын жана сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берди.

Натыйжада энергетиктердин иши жеңилдеп, калкты туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү кеңейди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү