Өлкөдө автожолдорду калыбына келтирүү иштери уланууда
Өлкөдө автожолдордун абалын жакшыртуу жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында пландуу иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканалары тарабынан республика боюнча автожолдорду оңдоо жана тейлөө иштери уланууда.
№5 Жол тейлөө ишканасы Бишкек – Ош автожолунун Өзгөн районундагы 589–611-чакырымдар аралыгында аң-чөнөктөрдү жамоо, жол жээгин бекемдөө жана тегиздөө иштерин жүргүзүүдө.
№43 Жол тейлөө ишканасы Новопокровка – Сары-Жон автожолунда аң-чөнөктөрдү жамоо, жол жээктерин тегиздөө жана жол боюндагы бак-дарактарды бутоо иштерин аткарууда.
№25 Жол тейлөө ишканасы Аламүдүн – Арашан – Кой-Таш автожолунда оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Бул иштер жол катмарынын сапатын жакшыртып, унаалардын коопсуз жана үзгүлтүксүз кыймылын камсыздоого багытталган.
Министрлик айдоочуларды жол иштери жүрүп жаткан тилкелерде сак болууга жана жол белгилерин так сактоого чакырат.


