Кытайдан Кыргызстанга унаа экспорттоо 2025-жылдын эки айына салыштырмалуу 48,4%га өстү
Кытайдан автоунаа экспорту 2026-жылдын башынан бери 1,5 эсеге өскөнүн Кытай автоөндүрүүчүлөр ассоциациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын алгачкы эки айында Кытайдан экспорттолгон автоунаалардын саны 1,35 млн даанадан ашып, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 48,4%га көбөйгөн.
Расмий маалыматтарга ылайык, жаңы энергия булактарында иштеген автоунаалардын (NEV) экспорту 110%га өскөн. Сандык көрсөткүч боюнча алар 583 миң даанага жетип, жалпы экспорттун болжол менен 40%ын түзгөн.