Өлкөдө эскирген аялдамалар жаңыртылат

Өлкөдө эскирген аялдамалар жаңыртылат

Өлкө боюнча эскилиги жеткен бардык аялдамалар этап-этабы менен жаңыланарын транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, көптөгөн аялдамалар эскирип бүткөн, ал тургай айрымдары Союз мезгилинде курулган бойдон турат.

"Конструкциялары эскирип, жарандарга коопсуз жана ыңгайлуу шартты камсыздай албайт. Мындан улам республика аймагындагы эскирген аялдамаларды этап-этабы менен жаңылап, заманбап үлгүлөргө алмаштыруу иштери башталды. Жаңы аялдамалардын долбоорун, конструкциясын жана сырткы жасалгасын Өндүрүштүк-инновациялар борбору иштеп чыгууда", — деп белгиледи министр.

Солтобаев кошумчалагандай, жаңы аялдамалар сапаттуу курулуп, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн кызмат кылат. Жакын арада алгачкы жаңыланган аялдамаларды пайдаланууга берүү пландалып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 24-мартта ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкекте 24-мартта ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

24-мартта саат 09:00дөн 24:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттени билдиришти. Суу берүү турак жайларга, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине чектелет. Өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектеш аймактарда болот: Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская көчөлөрү,

BAKAI жана Binance экосистемалары Кыргызстанда KGST стейблкоинин колдонуу менен төлөм сервистеринин интеграциясын ишке киргизгенин жарыялайт

BAKAI жана Binance экосистемалары Кыргызстанда KGST стейблкоинин колдонуу менен төлөм сервистеринин интеграциясын ишке киргизгенин жарыялайт

Соода көлөмү боюнча дүйнөдөгү эң ири криптовалюта биржасы жана алдыңкы глобалдык блокчейн-экосистема болгон Binance, ошондой эле Bakai экосистемасы Binance Pay жана Bakai Pay кызматынын ишке киргизилгенин жарыялашты. Бул чечим өлкө боюнча товарлар жана кызматтар үчүн сомго байланган KGST стейблкоининин жардамы менен төлөм жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул кызмат Binance Pay инфраструктурасын

Дастан Бекешов Теңгиз Бөлтүрүктүн 55 миң доллар айлыгын сынга алды

Дастан Бекешов Теңгиз Бөлтүрүктүн 55 миң доллар айлыгын сынга алды

Дастан Бекешев "Кумтор Голд Компани" компаниясынын мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн айлык маянасын жана "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингин сынга алды. Анын айтымында, 55 миң доллар өлчөмүндөгү айлык Бөлтүрүк үчүн нормалдуу болушу мүмкүн, бирок Кыргызстан үчүн бул "өтө жогору" сумма болуп саналат. "Менимче, мындай айлыкты

Суусамыр – Талас – Тараз жолунда курулуш кызуу жүрүүдө

Суусамыр – Талас – Тараз жолунда курулуш кызуу жүрүүдө

Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун IV фазасын реконструкциялоо иштери тынымсыз уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда жол жээгин тегиздөө жана кеңейтүү, суу түтүктөрүн жылдыруу, бетон электр мамычаларын демонтаждоо, ошондой эле көпүрөлөрдү куруу иштери жүрүп жатат. Курулушка 147ден ашык атайын техника тартылып, 229 жумушчу иш алып