Суусамыр – Талас – Тараз жолунда курулуш кызуу жүрүүдө
Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун IV фазасын реконструкциялоо иштери тынымсыз уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда жол жээгин тегиздөө жана кеңейтүү, суу түтүктөрүн жылдыруу, бетон электр мамычаларын демонтаждоо, ошондой эле көпүрөлөрдү куруу иштери жүрүп жатат.
Курулушка 147ден ашык атайын техника тартылып, 229 жумушчу иш алып барууда. Мындан тышкары, долбоордун алкагында 2 асфальт-бетон завод, 1 бетон завод жана 2 таш талкалоочу жабдык орнотулуп, ишке киргизилди.
Жалпы узундугу 93 чакырымды түзгөн (104,6–197,6 км) жол тилкеси Талас шаарынан башталып, “Кичи-Капка” көзөмөл пунктуна чейин созулат. Курулуш иштери 2025–2028-жылдар аралыгында аяктайт.
Долбоордо 6 көпүрөнү реконструкциялоо, 1 жер алдынан өтүүчү өтмөк куруу, ошондой эле калктуу конуштарда тротуар жана жарыктандыруу орнотуу каралган. Натыйжада жолдун III техникалык категориясы II категорияга чейин жогорулатылат.