Аалы Токомбаев көчөсүнүн бөлүгү убактылуу жабылат
Бишкек шаарында 2026-жылдын 21-март күнү саат 19:00дөн тартып 22-март саат 06:00гө чейин Аалы Токомбаев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Белгилей кетсек, бул аралыкта жер үстүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөнүн металл конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.
Урматтуу шаар тургундары жана айдоочулар! Убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамыңыздарды алдын ала пландап алууңуздарды суранабыз.