Бир нече автожолдорго "Автоураган" камералары орнотулду
Жол кыймылы коопсуздугу башкы башкармалыгынын (ЖККББ) басма сөз кызматы билдиргендей, "Автоураган" аппараттык-программалык комплекстеринин бир нечеси пайдаланууга берилди.
Бул комплекстер төмөнкү жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктайт:
- коопсуздук курун тагынбоо;
- каршы тилкеге чыгып кетүү;
- ылдамдыкты ашыруу;
- жол белгилеринин жана жол чийиндеринин талаптарын сактабоо;
- "Коопсуз шаар" камералары аркылуу төлөнбөгөн айып пулдарды аныктоо.
"Автоураган" аппараттык-программалык комплекстери төмөнкү автожолдорго орнотулду:
- Бишкек — Кордай,
- Бишкек — Нарын — Торугарт,
- Бишкек — Балыкчы — Чолпон-Ата — Каракол.