Бишкекте күн сайын билетсиз жүргөн 20га жакын адамга протокол толтурулуп жатат
Бишкек шаарында коомдук транспортту пайдалануу эрежелерин сактоо боюнча рейддер уланууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирет.
Күн сайын жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эрежени бузган жарандарга карата 10дон 20га чейин протокол түзүлүүдө. Билетсиз жүргөндөр үчүн 1000 сом айып пул каралган.
Транспорт департаменти жол киренин баасы 20 сом экенин эскертип, жүргүнчүлөрдү аны өз убагында төлөөгө жана сөзсүз түрдө билет (талоон) алууга чакырат.
Ошондой эле айдоочуларга токтоочу жайларды негизсиз ээлебөө жана коомдук транспорттун кыймылына тоскоолдук жаратпоо сунушталат.