Ысык-Көл облусунда асфальт төшөө иштери башталды
Ысык-Көл облусунда 2026-жылдагы алгачкы асфальт төшөө иштери башталганын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков жол курулушуна даярдык көрүү иштерин, материалдар менен камсыз кылууну, ошондой эле Балыкчы — Барскоон — Каракол автожолунун тилкесин текшерип чыкты.
Маалыматка ылайык, буга чейин Россия менен жетишилген келишимдин негизинде быйыл курула турган жолдор үчүн битумдун биринчи партиясы келип түшүп, кампаларга түшүрүлүп жатат.
Тактап айтканда:
- Жель-Арык жана Кыямат-Кыркул базаларына 1 миң 160 тонна битум,
- Шамал-Сай базасына 860 тонна битум түшүрүлдү.