Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктү 3 саатта алуучу долбоор иштелип жатат

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктү 3 саатта  алуучу долбоор иштелип жатат

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктү тездетилген тартипте алуу мүмкүнчүлүгүн караган жаңы мамлекеттик кызмат иштелип жатканын "Унаа" мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Маалыматка караганда, акыркы убакта жарандардан айдоочулук күбөлүктү берүү мөөнөтүн кыскартуу боюнча кайрылуулар үзгүлтүксүз түшүүдө. Буга байланыштуу "Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктү шашылыш берүү" мамлекеттик кызматынын стандартынын долбоору даярдалды.

Учурда документтердин толук топтому болгондо жана сынактарды ийгиликтүү тапшырган учурда, айдоочулук күбөлүк стандарттык тартипте төрт жумушчу күндүн ичинде берилет. Ал эми жаңы долбоордо альтернативдүү варианттар каралган — арыз ээсинин тандоосу боюнча документти үч сааттын ичинде, бир жумушчу күндө же эки жумушчу күндө алууга болот.

Белгиленгендей, шашылыш кызматты киргизүү процессти жарандар үчүн ыңгайлуу кылып, кезектерди кыскартат жана кайра кайрылуулардын санын азайтат. Бул кызмат өзгөчө аймактардын тургундары жана убактысы чектелген жарандар үчүн актуалдуу болмокчу.

Азыркы учурда долбоор макулдашуу баскычында турат. Шашылыш берүү үчүн төлөмдүн өлчөмү бардык чыгымдарды эсепке алуу менен "Кызмат" мамлекеттик мекемеси менен биргеликте аныкталат. Андан соң тариф Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына кароого жиберилет.

Мекеме мындай тажрыйба дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө ийгиликтүү колдонулуп жатканын баса белгиледи. Бул кызматты киргизүү мамлекеттик сервистердин жеткиликтүүлүгүн, процедуралардын ачыктыгын арттыруу жана калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуудагы кезектеги кадам катары каралууда.

Кошумчалай кетсек, бул демилге министрлер кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы №760 токтому менен бекитилген "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринин" 32-пунктуна ылайык ишке ашырылат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында 26-мартта суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 26-мартта суу убактылуу өчүрүлөт

26-март күнү саат 09:00дөн 15:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, өчүрүү Панфилов көчөсү, Манас проспектиси, Фрунзе көчөсү жана темир жол линиясы менен чектелген аймактарды камтыйт. Бул аралыктагы турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка социалдык жана өндүрүш объектилери

Ошто 3 млн сомдук алдамчылыкка шектелип чет элдик студент кармалды

Ошто 3 млн сомдук алдамчылыкка шектелип чет элдик студент кармалды

Ош шаарында “Нелегал” ыкчам иш-чарасынын алкагында ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген Индиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы маалымдады. Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган 22 жаштагы индиялык студент мекендештерине Индиянын улуттук валютасын АКШ долларына алмаштырып берүүнү убада кылып, ири суммадагы акчаларын алдап алган. Учурда 9 жабырлануучудан

Нурлан Мотуевге жалаа жана мазактоо иши боюнча 20 миң сом айып пул салынды

Нурлан Мотуевге жалаа жана мазактоо иши боюнча 20 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 2026-жылдын февраль айында Нурлан Мотуевди 20 миң сом айып пул төлөөгө өкүм кылганын соттун өзүнөн билдиришти. Мотуев Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 107-беренеси ("Массалык маалымат каражаттарында же интернеттеги сайттарда жарыяланган жалаа жана мазактоо") боюнча айыпталган. Ал Мирбек Мияров жоопкер, ал эми Хабиби Уланова

Кыргызстанда ветеринардык көзөмөл чаралары күчөтүлдү

Кыргызстанда ветеринардык көзөмөл чаралары күчөтүлдү

Өлкө аймагында жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын кирип келүүсүн жана жайылышын алдын алуу максатында ветеринардык-санитардык көзөмөл чаралары күчөтүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, көзөмөл чаралары эл аралык талаптарга жана Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" мыйзамына ылайык жүргүзүлүүдө. Анын алкагында кооптуу ылаңдар