Бишкекте Кожевенная көчөсү капиталдык оңдоого жабылат
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгында "Дордой" базарынын аймагындагы Кожевенная көчөсүн капиталдык оңдоо жана кеңейтүү боюнча жеринде жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Жыйынга Свердлов райондук администрациясынын өкүлдөрү, Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү департаменти, №305 муниципалдык аймактык башкармалык жана райондук ички иштер башкармалыгы катышты.
Жыйында көчөнүн учурдагы абалы, унаа кыймылынын өтүмдүүлүгү жана инфратүзүмдү жакшыртуу маселелери каралып, аны капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.
Маалыматка ылайык, иштер эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта 2026-жылдын 1-апрелинен тартып Кожевенная көчөсүнүн Аул көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
Экинчи этапта Ибраимов көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейинки тилкени жабуу пландалууда
