Кыргызстан авиациясы "кара тизмеден" жакында чыгарылат
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евробиримдиктин авиакоопсуздук комитетинин төрагасы Питер Соренсен менен жолугушту. Тараптар негизинен кыргызстандык авиакомпанияларды Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгаруу тууралуу сүйлөштү.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга Евробиримдиктин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфло да катышты.
Адылбек Касымалиев Еврошаркет өкүлдөрүнүн сапары Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгиледи. Өкмөт башчы акыркы жылдары кыргыз авиация тармагында күрдөөлдүү реформалар жүргүзүлгөнүн, анын ичинде Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги түзүлүп, ИКАО стандарттары киргизилгенин белгиледи.
Касымалиев ошондой эле акыркы беш жылда жүргүнчүлөрдүн агымы да кескин өсүп, 6 миллионго, ал эми каттамдардын саны 52 миңге жеткенин, өлкөнүн аймактарындагы 11 аэропорт оңдолгонун билдирди. Кыргызстан эки Airbus A321 учагын сатып алганын айтты.
Жолугушууда Кыргызстанды авиациялык коопсуздуктан улам Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгаруу боюнча чечим быйыл май айында чыгары айтылды.
Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов Кыргызстандын авиациясы 2026-жылдын май айында “кара тизмеден” чыгарылат деп айткан.