Таластагы Беш-Таш жаратылыш паркына барчу жол асфальталат

Таластагы Беш-Таш жаратылыш паркына баруучу жолдогу оңдоо иштери.

Эгемендүүлүк күнүнө карата Таластагы Беш-Таш жаратылыш паркына баруучу унаа жолго асфальт төшөлөрүн транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Министрдин маалыматына ылайык, асфальттоо иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.

"Жыл сайын миңдеген туристтер барган Беш-Таш жаратылыш паркына жетүүчү жолду оңдоо жана асфальт төшөө маселеси көп жылдан бери көтөрүлүп келген. Туризмди өнүктүрүү үчүн эң биринчи кезекте жол инфраструктурасын жакшыртып, келген конокторго жана жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү зарыл. Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жолдорду оңдоп, 10 чакырымына асфальт төшөө боюнча тапшырма бердим. Ошондой эле дагы 10 чакырым жолду асфальттоо үчүн каражат маселеси жакын арада чечилери күтүлүүдө", - деп жазды министр.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто үйү сүрдүрүлгөн жарандарга акчалай кенемте төлөнбөйт

Ошто үйү сүрдүрүлгөн жарандарга акчалай кенемте төлөнбөйт

Ош шаарында турак жайы жана коммерциялык объектилери бузулган жарандарга акчалай кенемте төлөнбөй турганын шаар мэри Жанарбек Акаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, каражаттын ордуна жер тилкелери берилет. "Биз жарандардын абалын жакшы түшүнүп жатабыз. Бирок ошол эле учурда бир ачуу чындыкты айтууга туура келет — аларга акчалай түрдө кенемте төлөп

Алтын сатып берем деп 4 млн сомду алдап кеткен аял кармалды

Алтын сатып берем деп 4 млн сомду алдап кеткен аял кармалды

Бишкекте 4 млн сомду алып, изин жашырып кеткен аял кармалганын Бишкек шаардык милициясынан билдиришти. Милицияга С.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Д.С. аттуу аялга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, былтыр июнь айында шектүү ишенимге кирип, 4 млн 129 миң сомун алып, андан кийин изин жашырып

Эт эмнеге  кымбат, аны кантип арзандатса болот?

Эт эмнеге кымбат, аны кантип арзандатса болот?

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков УТРКнын "Диалог" берүүсүндө Кыргызстандын рыногу үчүн эттин баасы кыйла жогору экенин айтты. Ошол эле учурда коңшу Тажикстан менен Өзбекстанда баалар 1400 сомго чейин жетерин жана бул айырмачылык ортомчулардын пайда көрүүсүнө шарт түзүп жатканын кошумчалады. "Этти

ЖИОБ 2025-жылы 19,5 миң адамды сыртка чыгарган

ЖИОБ 2025-жылы 19,5 миң адамды сыртка чыгарган

2025-жылы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору аркылуу 5,5 миң жаран чыгып кеткен, дагы 19,5 миңи — жеке ишке орноштуруу агенттиктери (ЖИОА) аркылуу кеткенин "Биринчи радио" эфиринде аталган борбордун эмгек миграциясы башкармалыгынын башчысы Эсенбек Эргешов билдирди. Анын айтымында, Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, 2025-жылы жалпы 170