2025-жылы Яндекс Кыргызстан 1,25 млрд сомдон ашуун салык төлөгөн

2025-жылы Яндекс Кыргызстан 1,25 млрд сомдон ашуун салык төлөгөн

Яндекс Кыргызстан компаниясы 2025-жылы өлкөнүн бюджетине 1,25 млрд сомдон ашуун салык төлөгөн.

Мындан тышкары, 2025-жылдын 1-сентябрынан 31-декабрына чейин, Яндекс Кыргызстан салык агенти катары, Яндекс Go тиркемесиндеги Такси, Жеткирүү жана Тамак-аш сервистеринде жеткирүү буйрутмаларын же жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын көрсөткөн айдоочулар менен жеткирүүчүлөр үчүн - 238 миллион сомдон ашык киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кармап, аны өлкөнүн бюджетине которгон.

Айдоочу жана жеткирүүчүлөр үчүн которулуп жаткан бул салыктар жана төгүмдөр Яндекс Go сервистеринин комиссиясынын бир бөлүгү болуп саналбайт, алар Кыргызстандын бюджетине которулат. Бул жаңы тартип Яндекс Gонун сервиси менен кызматташкан жеткирүүчүлөрдү жана айдоочуларды - патент сатып алуудан же жеке ишкер катары каттоодон өтүп, салык отчетун өз алдынча тапшыруу талаптарынан бошотту.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарбасын жер семирткичтер менен камсыздоо маселеси талкууланды

Айыл чарбасын жер семирткичтер менен камсыздоо маселеси талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков минералдык жер семирткичтерди импорттоочу компаниялар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда республикага жер семирткичтерди ташып келүүнүн учурдагы абалы, жеткирилген көлөмдөр жана баа саясаты талкууланды. Ошондой эле тармактагы негизги

Токтогулда 4,5 млн сомго заманбап мал союучу жай курулуп, ишке берилди

Токтогулда 4,5 млн сомго заманбап мал союучу жай курулуп, ишке берилди

Токтогул районунда райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен заманбап мал союучу жай ачылып, пайдаланууга берилди. Долбоорго жалпысынан 4,5 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Жаңы объект күнүнө 10 баш мал союуга ылайыкталган. Ошондой эле төрт туруктуу жумуш орду түзүлдү. Мындан

Бишкекте айыл чарба каттоосу башталды

Бишкекте айыл чарба каттоосу башталды

Бишкек шаарында 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин айыл чарбасынын абалы боюнча каттоо жүргүзүлүүдө. Каттоонун максаты — тармактын учурдагы абалын так аныктап, негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн маалымат топтоо. Шаар тургундарынан каттоочуларга так маалымат берип, алардын ишине көмөк көрсөтүү өтүнүлөт. Кошумча суроолор боюнча байланыш: * Жалпы координатор: Азизов Кубанычбек – 0707 682 862 * Ленин району:

Кыргызстанда 1-апрелден тарта бардык бюджеттик кызматкерлердин эмгек акылары жогорулайт

Кыргызстанда 1-апрелден тарта бардык бюджеттик кызматкерлердин эмгек акылары жогорулайт

2026-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстандагы бардык бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылат. Садыр Жапаров бюджеттик тармактагы кызматкерлердин эмгек акысын төлөө шарттарын жакшыртуу тууралуу Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, 1-апрелден тарта президенттик компенсациялык төлөм киргизилет. Билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, социалдык коргоо жана башка тармактардын кызматкерлери үчүн бул төлөм бир ставка үчүн 15