Бишкекте Осмонкул көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
Бишкек шаарында Осмонкул көчөсүнүн Жумабек көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү 2026-жылдын 30-мартынан тарта жол кыймылы үчүн жабылат.
Бул чечим жолду реконструкциялоо жана жылуулук тармагын жаңылоо иштерине байланыштуу кабыл алынды. "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы аталган тилкеде узундугу 260 метр болгон, диаметри 300 мм эки түтүктөн турган жылуулук магистралын алмаштырат.
Аталган жылуулук тармагы 1984-жылдан бери пайдаланылып, учурда техникалык жактан эскиргендиктен оңдоону талап кылууда. Инженердик иштер аяктагандан кийин жолдун асфальт-бетон жабындысы толугу менен калыбына келтирилет.
Муниципалдык ишкана шаар тургундарынан жана конокторунан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.