Индияда бензин, дизель тартыштыгынан эл дүрбөлөңгө түштү
Индияда эл арасында дүрбөлөң чыгып, адамдар бензин жана дизелди көп камдап алуу үчүн массалык түрдө май куюучу жайларга агылууда. Өлкөнүн бир нече штатында күйүүчү майдын кору түгөнүп калганы айтылууда.
Ал эми өкмөт күйүүчү май жетишсиздиги жок экенин билдирүүдө. Расмий маалыматка ылайык, май куюучу жайлардагы тартыштык дал ушул дүрбөлөңдөн жана суроо-талаптын кескин өсүшүнөн улам пайда болууда.
Буга чейин эксперттер Ормуз кысыгы жабылып калса, биринчи кезекте мунайды негизинен Перс булуңунан импорттогон өлкөлөргө таасир этерин айтышкан. Алардын катарына Кытай, Индия, Япония жана Түштүк Корея кирет.
Айрыкча Индия мунайды негизинен Ирак жана Сауд Арабиясынан импорттойт.