Кара-Балта – Чалдовар жолун реконструкциялоо долбоору талкууланды

Кара-Балта – Чалдовар жолун реконструкциялоо долбоору талкууланды

Кечээ Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде министрдин орун басары Бактылуу Момбеков Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын регионалдык директору Айтен Рустамова менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана жол инфраструктурасынын коопсуздугун жакшыртуу маселелери каралды. Айрыкча Кара-Балта – Чалдовар автожолун реконструкциялоо долбооруна көңүл бурулду.

Тараптар долбоордун учурдагы абалын, координация маселелерин жана аны натыйжалуу ишке ашыруу жолдорун талкуулашты.

Жолугушууга Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Делегациясынын башчысы Реми Дюфло жана Франциянын элчиси Николя Файе да катышты. Алар транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.

Жыйынтыгында тараптар диалогду улантып, долбоорду биргелешип ишке ашырууга даяр экенин белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМ 12 жаңы өрт-куткаруу бөлүгүнүн имаратын куруп жатат

ӨКМ 12 жаңы өрт-куткаруу бөлүгүнүн имаратын куруп жатат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз тарыхында биринчи жолу ири курулуш долбоорлорун ишке ашырууда. Анын алкагында республика боюнча 12 өрт-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараттары курулуп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Буга чейин өрт өчүрүүчүлөр эски, шарты жетишсиз имараттарда иштеп келишсе, эми алар заманбап жана ыңгайлуу шарттар менен камсыздалат. Маалыматка ылайык, жаңы имараттар бир

Быйыл Баткенде жалпы 60 км СИП-2, СИП-3 кабелдери тартылат

Быйыл Баткенде жалпы 60 км СИП-2, СИП-3 кабелдери тартылат

Баткен облусунда 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында электр тармактарын этап-этабы менен жаңылоо иштери башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Анын алкагында “Кыргызстан УЭТ” ишканасынын Баткен электр тармактары филиалы тарабынан алюминий зымдарды СИП-2 жана СИП-3 өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган кабелдерге алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 2026-жылы облус боюнча 60 чакырымдан ашык 0,

Жайыл районунда 9 ата-энеси жок балага жер участогу берилди

Жайыл районунда 9 ата-энеси жок балага жер участогу берилди

Жайыл районунда ата-энесинен ажыраган 9 балага жер тилкеси берилгенин Башкы прокуратурадан билдиришти. Райондук прокуратура тарабынан ата-энеси жок балдардын турак жайга болгон укуктарын коргоо максатында текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада Ак-Башат айыл өкмөтүнө прокурордук чара көрүү актысы келтирилген. Анын негизинде ата-энесинен ажыраган 9 балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилип, жеке

ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүүсү 5 жылда 25%га өстү – А.Касымалиев.

ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүүсү 5 жылда 25%га өстү – А.Касымалиев.

2025-жыл беш жылдык стратегияны ишке ашыруунун жыйынтыктоочу жылы болгонун 27-мартта Адылбек Касымалиев Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул беш жылдык мезгил дүйнөлүк экономикадагы татаал процесстер менен коштолду. Алардын катарына пандемиядан кийинки калыбына келүү, эл аралык соода шарттарынын тез өзгөрүшү, ошондой эле бирликтин айрым мүчө мамлекеттерине карата санкциялык