Ылай-Талаа – Гүлчө жолунун 55 чакырымына асфальт төшөлөт
Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков өлкөнүн түштүк аймагына иш сапары менен барып, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы Жол тейлөө мекемелеринин жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жыйында 2026-жылга карата пландар, аткарыла турган иштер жана негизги милдеттер талкууланды. Тариэль Жаныбеков бардык иштерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарууну, ошондой эле туруктуу көзөмөлдү камсыздоону тапшырды.
Сапардын алкагында ал Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа – Гүлчө жолунун курулушу менен да таанышты. Учурда жолдун 55 чакырымына асфальт төшөөгө даярдыктар жүрүп, кеңейтүү жана шагыл төгүү иштери жүргүзүлүүдө.
Долбоор боюнча жолдун туурасы 8 метрге чейин кеңейтилет. Азыркы учурда 2-, 4- жана 7-чакырым тилкелеринде жумуштар активдүү уланууда.
Жыйынтыгында жол тармагындагы иштерди натыйжалуу жана сапаттуу жүргүзүү боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди.
