Бишкекте 7-апрель көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
Бишкек шаарында 31-март күнү саат 20:00дөн тартып 1-апрель саат 12:00гө чейин 7-апрель көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Шоокум көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Чектөө жер үстүнөн өтүүчү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштерине байланыштуу киргизилүүдө.
Ушуга байланыштуу айрым автобустук каттамдардын кыймыл схемасы да убактылуу өзгөртүлөт.
Шаар тургундары жана айдоочулардан алдын ала каттамдарын пландап, альтернативдүү жолдорду пайдалануу сунушталат.