Кыргызстанда такафул жана камсыздандыруунун жаңы эрежелери киргизилүүдө — эмне өзгөрөт?

Кыргызстанда такафул жана камсыздандыруунун жаңы эрежелери киргизилүүдө — эмне өзгөрөт?

Министрлер кабинети камсыздандыруу тармагындагы жаңы эрежелерди бекитти. Алардын ичинде исламдык модель – такафулду киргизүү, ошондой эле топтолмо жана аннуитеттик камсыздандырууга карата жаңыланган талаптар бар.

Бул документ камсыздандыруу рыногун модернизациялоого жана финансылык инструменттерди кеңейтүүгө багытталган.

Токтомго ылайык:

  • биринчи жолу мыйзам алдындагы актылар деңгээлинде ислам принциптерине негизделген камсыздандыруу (такафул) бекитилди;
  • топтолмо жана аннуитеттик камсыздандыруу үчүн өзүнчө талаптар жана жөнгө салуу киргизилди;
  • бул ишмердүүлүктөрдү лицензиялоонун тартиби жаңыртылды.

Жаңы камсыздандыруу түрлөрүнө лицензияларды банктык эмес финансы рыногун жөнгө салган ыйгарым укуктуу орган берет. Алар мөөнөтсүз болуп, өлкөнүн бардык аймагында күчүндө болот.

Ошондой эле камсыздандыруу компанияларына коюлуучу талаптардын тизмеси бекитилди. Аларга уставдык капиталдын болушу, акционерлер тууралуу маалыматты ачыктоо, финансылык отчеттуулук жана төлөө жөндөмдүүлүк нормативдерин сактоо кирет.

Өзүнчө белгиленгендей, ислам принциптери боюнча иш алып барган учурдагы камсыздандыруу уюмдары алты айдын ичинде өз ишмердүүлүгүн жаңы эрежелерге ылайык келтириши керек.

Мындан тышкары, 2009-жылы кабыл алынган исламдык камсыздандырууну жөнгө салган мурдагы нормалар күчүн жоготту деп табылды.


Аннуитет — бул кредитти же карызды төлөөдө, ошондой эле камсыздандырууда убакыттын бирдей аралыгында (көбүнчө ай сайын) бирдей суммада төлөнүүчү же алынуучу үзгүлтүксүз төлөмдөр. Такафул — бул ислам шариятына ылайык келген, катышуучулардын өз ара жардамдашуусуна жана тобокелдиктерди биргелешип бөлүштүрүүгө негизделген исламдык камсыздандыруу түрү.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында топурак-агрохимиялык лаборатория ачылды

Нарында топурак-агрохимиялык лаборатория ачылды

Бүгүн Нарын облусунда жаңы топурак-агрохимиялык лаборатория ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Нарыноблусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалым болгондой, ал Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Нарын лабораториясынын алдында ачылды. Ачылышка департаменттин директору Максат Кочеров, президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнүн агрардык бөлүм башчысы Кыялбек Абакиров жана жергиликтүү дыйкандар катышты. Жаңы лаборатория

Ишкер Media
Нурдан Орунтаев Ош аэропортунун жаңы аэробекетинин курулушун текшерди

Нурдан Орунтаев Ош аэропортунун жаңы аэробекетинин курулушун текшерди

Курулуш министри Нурдан Орунтаев Ош шаарына болгон иш сапарында Ош эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, курулушка 2025-жылдын 14-февралында президент Садыр Жапаров капсула салган. Долбоордун аянты 25 443 чарчы метр, 6 корпустуу эки кабат жана жер

Ишкер Media
Бишкекте мамлекеттик кызматтар боюнча мыйзам долбоорлору талкууланды

Бишкекте мамлекеттик кызматтар боюнча мыйзам долбоорлору талкууланды

28-сентябрда Бишкекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар чөйрөсүндөгү мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору боюнча тегерек стол өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага мамлекеттик органдардын, Бишкек мэриясынын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун жана эксперттердин өкүлдөрү катышты. Жыйынды Экономика министрлиги жана Швейцария Өкмөтү каржылаган, ХЕЛЬВЕТАС уюштурган "Жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарды

Ишкер Media
Адылбек Касымалиев Москва районундагы оорукана жана мектептин абалы менен таанышты

Адылбек Касымалиев Москва районундагы оорукана жана мектептин абалы менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана депутаттар менен бүгүн Чүй облусунун Москва районунда болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алгач Беловодское айылындагы Жалпы медициналык практика борбору көрүлдү. Имарат 1970-жылы курулган, 171 орундуу. Борбор 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун жана 19 ФАПты жетектейт.

Ишкер Media