Араванда 8,5 чакырым жол асфальтталат
Араван районундагы Уйгур-Абад – Лангар – Дөбө – Коргон авто жолунун 8,5 чакырым аралыгына асфальт төшөөгө даярдык көрүлүүдө. Учурда аталган тилкеде жер иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Бүгүнкү күндө 2 чакырым жол асфальт төшөөгө толук даярдалып, жакынкы күндөрү негизги иштерди баштоо пландалууда.
Бул жол аркылуу район борборуна алты айылдын тургундары каттап келет. Жолдун оңдолушу жергиликтүү калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, транспорт кыймылынын коопсуздугун жогорулатат.