Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылды
Бишкек шаарында 1-апрелден тарта Фучик көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки чыгыш бөлүгү автотранспорт кыймылы үчүн жабылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Чектөө канализациялык коллектор жайгашкан аймактагы жолду калыбына келтирүү иштерине байланыштуу киргизилди. Учурда нымдалган топуракты алмаштыруу, шагыл-кум аралашмасы менен негизди бекемдөө жана асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө.
Белгиленгендей, буга чейин аталган тилкеде суу түтүгүндөгү авариянын кесепетинен канализациялык коллектордун траншеясына суу кирип, жол кыртышында чөгүүлөр пайда болгон.
"Бишкексууканал" ишканасы шаар тургундарын убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга жана жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууга чакырат.