Лебединовка – ГЭС-5 жолу августта толук бүтөт
Бишкек шаарынан Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка–ГЭС-5 унаа жолун реконструкциялоо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Узундугу 5,1 чакырымды түзгөн тилкеде учурда тротуарлар салынып, тосмолор жана латоктор орнотулуп, Чоң Чүй каналынан өткөн жол оңдолууда. Ошондой эле Жибек-Жолу көчөсүнөн каналга чейинки 400 метр аралыкта жолдун негизги катмары төшөлүүдө.
Долбоордун алкагында жол 2 тилкеден 4 тилкеге кеңейтилүүдө. Мындан тышкары, учурдагы көпүрө кеңейтилип, жөө жүргүнчүлөр үчүн жаңы көпүрө курулууда.
Белгиленгендей, жол толугу менен август айында пайдаланууга берилет.