Бишкектеги Месароша көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо иштери башталды
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Месароша көчөсүндө Фучик көчөсүнөн Профсоюз көчөсүнө чейинки тилкеде жол катмарын капиталдык оңдоо иштерин баштады.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, оңдолуп жаткан тилкенин узундугу 1350 метрди түзөт.
Иштердин жүрүшүндө жол сапатын жакшыртуу жана анын кызмат мөөнөтүн узартуу үчүн "ресайклер" аттуу жаңы технология колдонулууда.