Токмокто 2 чакырым жолго асфальт төшөө иштери башталды
Бүгүн Токмок шаарындагы Кошой – Алчалуу – Кызыл-Аскер унаа жолунун 5,7-6,6 чакырым аралыгында асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Аталган жол тилкеси титулдук тизмеге кирип, жалпы узундугу 2 чакырымды түзөт. Оңдоо иштерин “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №954 Жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө.
Маалыматка ылайык, жолдун 2 чакырымы толугу менен асфальтталып, иштерди бир апта ичинде бүтүрүү пландалууда.
Бул долбоор аймактагы транспорттук инфраструктураны жакшыртып, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.


