Суу коргоо аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу улантылып жатат

Суу коргоо аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу улантылып жатат

Шаар мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы билдиргендей, Октябрь райондук прокуратурасынын талаптарын аткаруунун алкагында 12-микрорайондо, Каралаев көчөсү 62/6 дарегинде жайгашкан объектилердин ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Алар: "Ашкана", "Фермерский магазин", "Беш Манты", "Мистер Шаурма" жана "Жираф" кофейнясы. Бул объектилердин айрым бөлүктөрү бузулат.

Түшүндүрүү иштеринен кийин менчик ээлери объектилерин өз ыктыяры менен бузууга киришишти. Учурда кошумча курулуштардын 250 метр узундуктан ашуун бөлүгү демонтаждалып жатат.

Буга чейин Аламедин дарыясы үстүндө муниципалдык жерге тиешелүү уруксат документтерисиз курулган "Ориенталь" кафесинин кошумча имараты бузулган. Анын өлчөмү туурасы 9 метр, узундугу 27 метрди түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

“Эркечтам” жана “Торугарт” чек ара өткөрмө пункттары 2 күнгө жабылат

“Эркечтам” жана “Торугарт” чек ара өткөрмө пункттары 2 күнгө жабылат

Кытайда белгиленүүчү майрамга карата Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек ара тилкесиндеги айрым өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, “Эркечтам” өткөрүү пункту 18-июнда саат 22:00дөн тарта убактылуу жабылып, 20-июнда саат 08:00дө кайра ачылат. “Торугарт” өткөрүү пункту 19-июнда толугу менен

Мыйзамсыз берилген 7 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз берилген 7 гектар жер мамлекетке кайтарылды

УКМК тарабынан токой фондуна жана жайыт жерлерине кирген жалпы аянты 7 гектар болгон жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди. Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жыйынтыгында Ат-Башы районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жер тилкелерин жеке менчикке берүү жөнүндө кабыл алынган чечимдер жана жер

Филармониянын мурдагы жетекчиси кармалды

Филармониянын мурдагы жетекчиси кармалды

Жалал-Абад облусундагы Токтосун Тыныбеков атындагы облустук филармонияда мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам бузуулар аныкталды. УКМКнын маалыматына караганда, жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекетке 2 миллион 795 миң 400 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталган. Аталган факты боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштеринин алкагында филармониянын мурдагы

18-22-июнь аралыгында өлкө аймагында сел жүрүшү мүмкүн

18-22-июнь аралыгында өлкө аймагында сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүндөн баштап 22-июнга чейин күндүн катуу ысып жана нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүп жатканына байланыштуу өлкө аймагында сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти. «Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт», – деп кошумчалады министрликтен. Эске салсак, быйыл республиканын аймагында жаан-чачын көп болуп, сел