М.Рыскулов көчөсүнөн Достук айылына чейин 391,6 млн сомго тосмо орнотулат

М.Рыскулов көчөсүнөн Достук айылына чейин 391,6 млн сомго тосмо орнотулат

Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Фучика көчөсүндө — М.Рыскулова көчөсүнөн Достук айылына чейинки аралыкка калкалама тосмо орнотуу үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында көрсөтүлгөндөй, бул жумуштар Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити жана Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарында даярдык иштеринин алкагында аткарылат.

Сатып алуу ыкмасы — квалификациялык талаптар менен котировкаларды суроо.

Проекттин жалпы баасы 391 млн 620 миң сом деп бааланган.
Катышуучулардын арыздары 2026-жылдын 9-апрелине саат 10:00гө чейин кабыл алынат. Жумуштарды бүтүрүү мөөнөтү 30-августка чейин, эрте бүтүрүү мүмкүнчүлүгү менен белгиленген.

ШКУ саммити быйыл августта Бишкекте өтөт, ал эми Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өткөрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектеп  курула башталды

Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектеп курула башталды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Курулуш министрлиги тарабынан Ак-Бата конушунда 650 орундуу мектептин курулушу башталды. Министрликтин маалыматына ылайык, учурда курулуш аянтында жер казуу иштери аяктап, негизги этаптарга өтүү алдында турат. Долбоор мамлекеттик казынанын эсебинен каржыланып, мектеп заманбап талаптарга ылайык салынары белгиленди. Башкы планга ылайык, жаңы билим берүү мекемеси жалпы аянты

Кара-Сууда прокуратуранын жаңы имараты ачылды

Кара-Сууда прокуратуранын жаңы имараты ачылды

Башкы прокурор М.К. Асаналиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы прокуратуранын жаңы административдик имаратын ачты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Ачылыш аземинде Башкы прокурор жаңы имарат кызматкерлердин ишин натыйжалуу уюштурууга бардык шарттарды түзөрүн белгиледи. Анын айтымында, бул прокуратура органдарынын мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча ишин күчөтүүгө өбөлгө болот.

Ноокатта 10 гектар жерге жаңы сорттогу алма жана гилас отургузулууда

Ноокатта 10 гектар жерге жаңы сорттогу алма жана гилас отургузулууда

Ош облусунун Ноокат районундагы Он эки бел айылында 10 гектар айыл чарба жерине алма жана кокон гилас көчөттөрү отургузулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Долбоор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен ишке ашууда. Министрлик тарабынан жер аянты бөлүнүп берилип, жеке ишкер 150 метр

Талас шаарында 1224 орундуу мектеп курулат

Талас шаарында 1224 орундуу мектеп курулат

Талас шаарында Россия Федерациясынын колдоосу менен курула турган 1224 орундуу мектептин долбоору талкууланды. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады. Жолугушууга Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев жана Россия президентинин стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков катышты. Тараптар