Барскоон – Бедел жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Барскоон – Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция" мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жаңы дирекция Барскоон – Бедел унаа жолун куруу долбоорун ишке ашырууну уюштуруучу жана координациялоочу ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
Министрлер кабинетинин төрагасы А.Касымалиевдин тескемесине ылайык, мамлекеттик мекеменин башкы директору болуп Акылбек Мусабаев дайындалды.
Дирекция долбоорду жалпы башкаруу, ишке ашырууну координациялоо, каржылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана социалдык, экологиялык, техникалык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө милдетин аткарат.
Маалыматка ылайык, Барскоон – Бедел унаа жолунун узундугу болжол менен 150 чакырымды түзөт. Бул жол Ысык-Көл облусундагы Барскоон айылын Кытай менен чектешкен "Бедел" өткөрмө пункту менен байланыштырган стратегиялык коридор болот.
Долбоордун алкагында 2 тоннель, 30дан ашык көпүрө жана коргоочу инженердик курулмалар курулат. Курулуш иштери 2025-жылдын 26-августунда башталган.
Долбоорду ишке ашыруу 5 жылга пландалып, негизги иштер 2029-жылы аяктап, 2030-жылы жол толук пайдаланууга берилет.
