Түндүк-Түштүк унаа жолунун ачылышы боюнча тапшырмалар берилди

Түндүк-Түштүк унаа жолунун ачылышы боюнча тапшырмалар берилди

Түндүк-Түштүк унаа жолунун ачылышына карата даярдык иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилгени Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кезектеги аппараттык жыйынында айтылды.

Министр Талантбек Солтобаев жыйында Чүй облусунда курула турган төрт ири жолдун планын кыска мөөнөттө бекитүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Ошондой эле ал жооптуу жетекчилерден учурда аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат алды. Министр "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинен башка ишканаларда иш системалык түрдө жүрбөй жаткандыгын айтып сындады.

Жыйындын жүрүшүндө иш кагаздарынан арылып, санариптештирүүгө өтүүнү ыкчамдатуу керектиги белгиленди. Мындан тышкары, жаздын келиши менен сел жүрүү коркунучтарынын алдын алуу боюнча ӨКМ жана жергиликтүү бийликтер менен алдын ала иштерди алып баруу зарылдыгы айтылды.

Ошол эле учурда "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында сейил бактарын уюштуруу тапшырмасынын аткарылышы кечеңдеп жатканы белгиленип, ишти аткарбаган жетекчилерге чара көрүлөөрү эскертилди.

Мындан тышкары окуңуз

"Лейлек" ЭЭАсы жандандырылат

"Лейлек" ЭЭАсы жандандырылат

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Лейлек районундагы “Лейлек” эркин экономикалык аймагынын абалы менен таанышты. Анда жетекчилер жеринде өндүрүш аймагынын ишин жандантуу маселелерин талкуулашты. Аймакка электр энергиясын жеткирүү, инвесторлорду тартуу боюнча сунуштар ортого салынды. Учурда аймакка электр энергиясын жеткирүү үчүн Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен

А.Шыкмаматов курулуш компанияларын бирдиктүү салык төлөөгө өтүүгө чакырды

А.Шыкмаматов курулуш компанияларын бирдиктүү салык төлөөгө өтүүгө чакырды

Курулуш компаниялары бирдиктүү салык төлөөгө өтүшү керектигин Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, бирдиктүү салык системасы курулуш компанияларынын ишин жеңилдетет. Ал эми курулуш компанияларынын өкүлдөрү бирдиктүү салыкка өткөндөн кийин салыктын ставкасы 10%га чейин өсүп кетиши мүмкүн экенине тынчсыздануусун айтышты. Шыкмаматов бирдиктүү

КРнын Президентинин администрациясына келген жарандардын кайрылуулары 32% өстү

КРнын Президентинин администрациясына келген жарандардын кайрылуулары 32% өстү

Эгерде 2025-жылдын жыйынтыгы менен КРнын Президентинин администрациясына келген кайрылуулар 8-9 % азайса, быйыл 1-кварталда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32% көбөйдү. Мындай маалыматты  Биринчи радионун түз эфиринде КРнын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча секторунун инспектору Жайылбек Дадиев билдирди. Анын айтымында, Президенттин администрациясына келген

Жаңы Ош базарына жеке менчик жерлер аркылуу көпүрө, жол салынат

Жаңы Ош базарына жеке менчик жерлер аркылуу көпүрө, жол салынат

Бишкек мэриясынын жетекчилиги, анын ичинде мэр Айбек Жунушалиев, Новопавловка аймагында жаңы Ош базарына баруучу жолду куруу боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Жеринде аткаминерлер келечектеги трасса өтө турган жер тилкелеринин ээлери менен жолугушту. Долбоордо базарга чыгышы бар, көпүрөсү менен толук кандуу жол куруу, ошондой эле аны түндүк айланма жол менен туташтыруу каралган.