Кыргызстандыктарга жалпы 64,5 млн сом суммасында 176 унаа кепилдиги берилди
“Унаа” кепилдик продуктусу ишке киргизилгенден бери жарандар бул механизмди автокредиттерди алууда активдүү колдонуп жатканын “Кепилдик фонд” ААКсынан билдиришти.
Фонддун маалыматы боюнча, “Унаа” кепилдиги 2025-жылдын август айында ишке киргизилип, кыска убакыттын ичинде жогорку суроо-талапка ээ экенин көрсөттү.
2025-жылы бул продуктунун алкагында 57,1 млн сом суммасында 154 кепилдик берилген. Ал эми быйыл дагы 7,3 млн сомго 22 кепилдик берилди.
Жалпысынан “Унаа” кепилдиги ишке киргизилгенден бери жарандар 64,5 млн сом суммасында 176 кепилдик алды.
Кепилдик банктар аркылуу автокредит алууда баштапкы төлөмсүз ата мекендик автоунааларды сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. Мында “Кепилдик фонд” ААКсынын катышуу үлүшү каржылоонун суммасынын 30%ына чейин түзүп, күрөө жетишсиз болгон учурда да насыя алууну жеңилдетет.