Айдоочуларга эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандарды жана айдоочуларды коопсуздук чараларын сактоого чакырат.
Маалыматка ылайык, 9-14-апрель күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү жана бороон-чапкын болуу коркунучу күтүлөт.
Айрыкча Бишкек – Ош жолунун Төө-Ашуу тилкесинде, Суусамыр – Талас-Тараз жолунун Өтмөк ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Долон ашуусунда жана Барскоон – Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда кооптуу абал жаралышы мүмкүн.
Кырсыктардын алдын алуу максатында министрликке караштуу жол тейлөө ишканалары тарабынан атайын техникалар тартылып, керектүү даярдыктар көрүлдү. Ошондой эле жолдорго себилүүчү кум-туз аралашмалары жетиштүү көлөмдө камдалган.
Министрлик айдоочуларга аба ырайынын татаал шарттарына байланыштуу зарылчылык болбосо алыскы сапарларга чыкпоону сунуштайт.