Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат
"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1 гектардан ашкан парк зоналарын түзүү каралууда.
Өзгөчө көңүл Ысык-Көл айланма унаа жолун реконструкциялоо долбоорунун алкагындагы экологиялык иш-чараларга бурулууда. Долбоор жаратылыш тең салмактуулугун сактоо жана компенсациялык жашылдандырууну камтыйт.
Анын алкагында 2026-жылдын 12-апрелинде Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кутургу айылында көчөт отургузуу боюнча масштабдуу экологиялык акция өткөрүлөт. Иш-чара Транспорт министрлиги жана China Road and Bridge Corporation компаниясы тарабынан уюштурулууда.
Жалпысынан 2026-жылы Ысык-Көл жана Түп райондорунда 53 697 дарак отургузуу пландалган, учурда 16 миңге жакыны отургузулуп бүттү. Көчөттөр атайын питомниктерде өстүрүлүп, аймактын климаттык шарттарына ылайыкташтырылган.
Министрлик бул иштер экологиялык тең салмактуулукту сактоого жана аймактарды жашылдандырууга багытталганын белгилеп, мындай демилгелер мындан ары да улантыларын маалымдады.