Корумду – Балбай Баатыр жолунда 27,3 чакырымга жогорку катмар төшөлдү
Жалпы узундугу 79,3 чакырымды түзгөн Корумду – Балбай Баатыр стратегиялык унаа жолун реконструкциялоо иштери бекитилген планга ылайык уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Учурда асфальт-бетондун төмөнкү катмары толук төшөлүп бүттү. Мындан тышкары, 27,3 чакырым аралыкка жолдун жогорку бышык катмары (ЩМА) басылды.
Инфраструктураны жакшыртуу алкагында 14 көпүрөнүн жана 2 жер астындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгүнүн курулушу дээрлик аяктоо алдында турат.
Ошондой эле негизги жолдогу 234 суу өткөрүүчү түтүк толугу менен орнотулду. Кошумча түрдө тротуарларда, велосипед жолдорунда жана кошумча тилкелерде суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери уланууда. План боюнча каралган 650 түтүктүн 221и орнотулду.
Учурда тротуарларды жана велосипед жолдорун куруу иштери активдүү жүргүзүлүп жатат.