Бишкек – Нарын – Торугарт айланма жолу кеңейтилүүдө
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 346-чакырымында жаңы айланма жолдун курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
“Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, аталган айланма жол Бишкек, Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа багытындагы жолдорду байланыштырып, унаа кыймылын иретке келтирүүгө багытталган.
Жаңы айланма жол 500 метрге төрт тилкелүү болуп курулууда. Жолдун үстүнкү катмары саббейс материалы төшөлүп, бейс катмарын төшөөгө даярдык иштери жүргүзүлүүдө.
Курулуш иштерин №2 Жол куруу башкармалыгы аткарууда.