Суусамыр – Талас – Тараз жолунун 20 чакырымына асфальт төшөлөт

Суусамыр – Талас – Тараз жолунун 20 чакырымына асфальт төшөлөт

Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 104,6-197,6-чакырымдарындагы IV фазаны реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Момбеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында жолдогу иштердин жүрүшү менен таанышып, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.

Учурда курулуш иштерине 220 атайын техника жана 473 адис тартылган.

Жолдун 53,1 чакырымында негизди кеңейтүү иштери аткарылып, 10,4 чакырымга төмөнкү, 5,95 чакырымга жогорку негиз катмары төшөлдү. Ошондой эле 4,35 чакырымга асфальт-бетондун төмөнкү катмары төшөлдү.

Мындан тышкары, көпүрөлөрдү жана жер алдындагы өтмөктү кошкондо 7 объектте курулуш иштери жүрүүдө. Долбоордо каралган 190 суу өткөрүүчү түтүктүн 41и толугу менен бүткөрүлдү.

Бекитилген графикке ылайык, 2026-жылдын аягына чейин 20 чакырым жаңы асфальт-бетон төшөө жана жалпы иштердин көлөмүн 25%га жеткирүү пландалууда.

Реконструкция иштерин "Shaanxi Construction Engineering Group Co., Ltd." компаниясы жүргүзүүдө. Курулушту 2028-жылдын 25-апрелине чейин аяктоо пландалган. Объект пайдаланууга берилгенден кийин подрядчы тарабынан 5 жылдык кепилдик берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media