Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына элди атайын автобустар ташыйт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына элди атайын автобустар ташыйт

31 -августта, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Бишкек шаарында өтө турган салтанаттуу ачылыш күнүндө көрүүчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында “Бишкек Аренага” жеткирүүчү атайын шаттл-автобустар уюштурулат.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, шаттл-автобустар Бишкек шаарынын ар кайсы райондорунда жайгашкан атайын аныкталган 21 жерден каттайт.

Шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору өздөрү үчүн ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун тандап, ошол жерден шаттл-автобуска отуруп, “Бишкек Аренага” жете алышат.

Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары:

1. Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;

2. Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);

3. Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);

4. А. Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);

5. “Ак-Кула” автобекети – Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1;

6. Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичи району);

7. “Тунгуч” кинотеатры, 64/1 (Тунгуч кичи району);

8. Аул көчөсү, 10А/1 (Кожзавод);

9. Жибек Жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);

10. Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушунда);

11. Алтымышев көчсөсү, 98/1;

12. Заречное айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 (Глобус);

13. Эркиндик бульвары, 1/А (Темир жол бекети);

14. Жаш Гвардия көчөсү, 287 (Маевка айылы);

15. Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);

16. Шабдан Баатыр көчөсү (азыркы Чүй проспектиси), 52 (ДЕПО-2);

17. Ю. Фучик көчөсү, 6 (ДЕПО-1);

18. Дэн Сяопин проспектиси (азыркы Чүй проспектиси), 209;

19. Гагарин көчөсү, 284 - Фрунзе көчөсү менен кесилишкен жер;

20. Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);

21. Тыналиев көчөсү, 16.

Иш-чара аяктагандан кийин көрүүчүлөр “Бишкек Арена”стадионунан жогоруда көрсөтүлгөн пункттарга тиешелүү багыттар боюнча кайра каттаган шаттл-автобустарды пайдалана алышат.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна каттамын алдын ала пландап, өздөрү үчүн эң ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун тандап алууну сунуштайт.

Мындан тышкары, шаттл-автобустардын жөнөө пункттары жана каттамдары тууралуу маалымат менен “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинен таанышып, транспорттун кыймылын онлайн көзөмөлдөөгө болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media