Ч.Айтматов проспектисинде светофорлор жаңыланууда

Ч.Айтматов проспектисинде светофорлор жаңыланууда

Чыңгыз Айтматов проспектисинде светофорлорду алмаштыруу жана жаңылоо иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Учурда адистер светофорлорду ишке киргизүү алдындагы жөнгө салуу иштерин жүргүзүп, алардын фазаларын жана иштөө циклдерин тууралашууда.

Буга байланыштуу айрым кесилиштердеги кошумча светофор секциялары убактылуу иштебей турат.

Маалыматка ылайык, эки күндүн ичинде светофорлордун фазалары жана иштөө циклдери толук жөнгө салынып, кошумча секцияларды орнотуу иштери аяктайт.

Жүргүнчүлөр менен айдоочуларга кесилиштерден өтүүдө этият болуу сунушталат.

Иштер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана транспорт агымын жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы айрым салык төлөөчүлөргө жеңилдик берүүнү сунуштады

Салык кызматы айрым салык төлөөчүлөргө жеңилдик берүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 31-августуна чейинки мезгилде бирдиктүү салыкты жана сатуудан алынуучу салыкты эсептик каттоого турган жери боюнча эмес, салыктык катталган жери боюнча төлөгөндөрдү салыктык жоопкерчиликтен бошотууну сунуштады. Буга чейин айрым салык төлөөчүлөр аталган салыктарды эсепке турган жеринин ордуна салыктык катталган жери боюнча төлөп

“Манас Деми” эл аралык марафонунун байге фонду 1 млн сомду түзөт

“Манас Деми” эл аралык марафонунун байге фонду 1 млн сомду түзөт

19-сентябрда Талас шаарында экинчи жолу Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн келген жөө күлүктөр жарышат.  Прзедиенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, жарыш "Манас Ордо" улуттук тарыхый-маданий комплексинин аймагында өтөт. Быйыл уюштуруучулар 1,5 миңге жакын катышуучуну күтүп жатат.  Программада 21,1 км, 10 км жана 3

Кыргызстанда күйүүчү майга 1 млрд сом субсидия төлөндү

Кыргызстанда күйүүчү майга 1 млрд сом субсидия төлөндү

Кыргызстанда бензин, дизель майы жана автогаздын чекене баасын кармап туруу үчүн мунай сатуучуларга дээрлик 1 млрд сом субсидия төлөндү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди. Маалыматка таянсак,, күйүүчү майдын өздүк наркы май куюучу жайлардагы баадан кыйла жогору. Айырмасын мамлекет бюджеттин эсебинен компенсациялап жатат. Мисалы, АИ-92 бензининин чыныгы

Н.Орунтаев: Быйыл 36 мектеп жаңы талаптарга ылайык курулууда

Н.Орунтаев: Быйыл 36 мектеп жаңы талаптарга ылайык курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Манас шаарында курулуп жаткан жаңы мектептердин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрдин айтымында, жаңы мектептерди курууда сапатка, функционалдуулукка, коопсуздукка жана заманбап архитектуралык чечимдерге өзгөчө көңүл бурулууда. "Биз мектептерди курууда эски ыкмалардан чыгып, ички шарттары менен гана чектелбей,