Бишкектеги Бакаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Бакаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкек шаарында 20-августта жол оңдоо иштерине байланыштуу Бакаев көчөсүнүн Л. Толстой көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсү Кочкор көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бул тилкеде жол куруу жана оңдоо, ошондой эле ага байланыштуу инфраструктуралык иштер жүргүзүлөт. Жол кыймылына убактылуу чектөө киргизүү иштерди коопсуз жана сапаттуу жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында зарыл.

Бишкек шаардык мэриясы жол каттамдарды алдын ала пландап, мүмкүн болуучу тыгындарды эске алып жана альтернативдүү айланма жолдорду тандоону өтүнөт.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде үй-бүлөлүк зомбулук былтыркыдан 52 учурга аз катталды

Баткенде үй-бүлөлүк зомбулук былтыркыдан 52 учурга аз катталды

Кадамжай районунда үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо боюнча көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыйынды ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Максатай Каримбердиева жетектеп, ага тиешелүү мамлекеттик органдардын, укук коргоо жана социалдык кызматтардын өкүлдөрү онлайн жана офлайн форматта

Бишкекте Кыргызстан – Корея достук паркына 70 түп гибискус отургузулду

Бишкекте Кыргызстан – Корея достук паркына 70 түп гибискус отургузулду

Кечээ Бишкек шаарындагы Кыргызстан менен Кореянын достук паркында экологиялык акция өтүп, 70 түп гибискус бадалы отургузулду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргызстандагы Кореянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кван Дже, Кореянын Кёнгидо провинциясынан келген жаш ыктыярчылар, "Кая КДЖИ" коомдук кайрымдуулук фондунун

Кыргызстанда 540 социалдык объекттин курулушу жүрүп жатат

Кыргызстанда 540 социалдык объекттин курулушу жүрүп жатат

Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Манас шаарына болгон иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилердин курулушу менен таанышты. Министрликтин маалыматына ылайык, иш сапарга Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов катышты. Министр журналисттердин суроолоруна жооп

Бишкектин айрым жерлеринде суу токтотулат

Бишкектин айрым жерлеринде суу токтотулат

20-августта саат 09:00дөн 00:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Суу төмөнкү жерлерде токтотулат: Чүй проспектиси, Фрунзе көчөсү, Тыныстанов көчөсү, Ч.Айтматов проспектиси